Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жалгыз өзү митингге чыкты. Ал аталган акциядан сүрөттү социалддык баракчасына жайгаштырды.
Бул нааразылык акциясы Бишкектеги “Вефа” соода борборунун жанында өткөн.
Сүрөттө көрүнгөндөй депутаттын колундагы кагазда: ” Insta stories. Биздин региондо качан музыка жеткиликтүү болот”, — деп жазылган.
Буга чейин эл өкүлү, күздөгү парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган, кийин “Реформа” партиясына колдоо көрсөтөрүн айткан болчу.