Садыр Жапаровдун премьер-министр болушу мыйзамсыз, керек болсо ал талапкер дагы эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымына караганда, аны кызматка көрсөтүү үчүн адегенде көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуш керек.
“Адегенде көпчүлүк коалиция келишимди дайындап, эки тараптын катышуучулары катталат. Келишим коалициянын курамындагы депутаттарын тизмеси менен расмий жарыялант. Ошну менен катар соттолгон же соттуулугу бар адам премьер-министр боло албай турганын унутуп калышты. Ошондуктан Садыр Жапаров өзүнүн соттолгондугу алынгандыгы тууралуу расмий документти алсын”, - деген ал.
Белгилей кетсек, 6-октябрь күнү “Достук” мейманканасында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кеткени айтылып, анын ордун Садыр Жапаров ээлегенин бир нече маалымат каражаттары жазып чыккан.