Site icon Reporter.kg

Дастан Догоев:  62 мамлекеттик орган «Түндүк» системасына кошулду

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулду. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинде өткөн маалымат жыйында мекеменин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал журналисттерге 2019-2023-жылдарга карата «Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча кабыл алынган милдеттердин жана иштердин аткарылышы тууралуу айтып берди.

Дастан Догоев билдиргендей, бүгүнкү күндө «Түндүк» системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 миллион транзакциялар жасалды. Учурда 12 справка автоматташтырылган, мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган.

 

 

 

Exit mobile version