Site icon Reporter.kg

Дастан Догоев кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу билдирүү таратты

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетти, мекеменин төрагасы Дастан Догоевдин жумуштан кеткендиги боюнча арыз жазгандыгын тастыктап билдирүү таратты.

10-июнда жарыяланган билдирүүдө, Дастан Догоев Гарвард университетине окууга өткөндүгүнө байланышту жумуштан кетип жаткандыгын айтып, бирок Президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси бойдон кала берерин баса белгилеген.

“2020-жылдын башында керектүү документтерди чогултуп, Гарвард университетинин Мамлекеттик башкаруу институтунун магистрлик даражасына өттүм. Бир жылдык окуу гранттык негизде каржыланат.  Мен Гарвард университетине өтүп, кызматтан кетип жаткандыгым боюнча Президент жана премьер-министр менен макулдаштым. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрүмдө бир жолу келип жатканын эске алышып, алар мени колдоду. Бул үчүн ыраазычылык билдирем.

Ушуга байланыштуу, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы катары ыйгарым укуктарым бүткөнүн  тастыктайм”, – деп жазылат Догоевдин билдирүүсү.

Буга чейин Дастан Догоевдин  Гарвардга өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кетип жатканын жазып чыкканбыз. Бирок Догоев менен байланышканыбызда, ал чет өлкөгө окууга ташыруу жеке маселеси болгондуктан, маалымат берүүдөн баш тартып, жумуштан кетүү тууралуу арыз жазбаганын кошумчалаган.

Төмөндө Дастан Догоев менен болгон буга чейинки телефон сүйлөшүүнүн аудиосун сунуштайбыз.

Exit mobile version