Дастан Жумабеков: Бир күн келет, биздин жасаган ишибизге баа берилет

Дастан Жумабеков: Бир күн келет, биздин жасаган ишибизге баа берилет

Бүгүн, 4-июнда спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан Парламентаризм күнү менен куттуктады.

Жумабеков куттуктоо сөзүн айтып жатып, «бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга, мамлекетке, элге жасаган ишибизге баа берилет” деди.

«Тарыхый даталардын календарында бул мамлекеттик майрамдын пайда болгонуна аз эле убакыт болду. Парламентаризм күнү 2015-жылдан берип белгиленип келе жатат. Бирок, ата-мекендик парламентаризмдин тарыхый таржымалы 1938-жылдан башталары баарыңыздарга жакшы белгилүү. Анда 284 депутат эл ѳкүлдѳрү катары ант беришип, жумушчу жана дыйкандар Советине жогорку мыйзам чыгаруу органынын иш-милдети берилген болчу.

Кыргыз парламенти 80 жылдан ашуун убакытты камтыган тарыхында ар кыл кырдаалдарды басып өттү. Алтынчы чакырылыштын иши да түрдүү чакырыктар менен коштолуп, ишмердүүлүгүбүздүн алкагында бир катар оор маселелер каралды.

Биздин чакырылыштын акыркы сессиясы да коронавирус пандемиясына байланыштуу оор шартта өтүүдө. Андыктан каатчылыкка каршы чараларды күчөтүү аркылуу калкка жана экономикага колдоо көрсөтүү багытында Жогорку Кеңеш тарабынан туура, ишенимдүү жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы өтө маанилүү», — деди Жумабеков.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>