Site icon Reporter.kg

Дастан Жумабековдун тууганы УКМК төрагасынын орун басары болдубу?

Салморбек Жумабеков Мамлекеттик улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg жеке булактарына таянып жазды.

Салморбек Жумабеков 34 жашта. Ал Орусиянын  Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) академиясын бүтүргөн. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Белгилей кетсек, Салморбек Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууган агасы,  профессор, даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабековдун уулу.

Маалыматты тактоо үчүн УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов менен байланышканыбызда,  ал  маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.

Exit mobile version