“Датка” көмөк чордонуна келген электр линиясы кар көчкүдөн жабыркады

“Датка” көмөк чордонуна келген электр линиясы кар көчкүдөн жабыркады

Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы кар көчкүдөн жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Ноокен районунун Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

Жерине Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан (ПВЭС) 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 УАЗ, 1 УРАЛ, 1 К-700 (тралл тягач) тартылган.

«Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн-Жарандык коргонуунун башчысынын 2-марттагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген».

2-март күнү тартылган техникалардын жардамында жолдун болжол менен 6-7 чакырым аралыгынын 2 чакырымы тазаланган.

3-март күнү жол тазалоо иштери улантылары айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>