Site icon Reporter.kg

Декабрь айына карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргыстандын аймагында декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда, декабрь айында айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 …-2 — 4…-9 градуска чейин төмөндөсө, күндүз -2…+3 — 9…14 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -10…-15 градуска чейин муздайт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…4 — 5…-10 градуска чейин суук, күндүз -2 …3 — 9…14 градуска чейин жылышы ыктымал. Кээ күндөрү аяздын күчү түнкүсүн -11…-16 градуска чейин, күндүз -3…-8 градуска чейин жетиши мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…1 — 2…-7 градуска чейин суук болсо, күндүз 1…6 — 11…16 градуска жетип, жылый турганы айтылды. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 …-2 — 3…-8 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -14 градуска чейин төмөндөөрү айтылды. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакындайт.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4…-1 — 2…-7 градуска чейин суук, күндүз 1…6 — 11…16 градуска чейин жетип, өзгөрүлүп турмакчы. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 …-2 — 3…-8 градуска чейин суук болот. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска чейин жетет. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 — 5…-10 градусту көрсөтсө, күндүз -1…+4 — 5…10 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4…-1 — 2…-7 градуска чейин суук болору айтылды. Күндүз термометр 1…6 — 11…16 градусту көрсөтөт. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -14 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус суук, чыгышында -3…-5 градуска төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…-4 — 5…-10 градуска чейин суук болуп, өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12 градус, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 — 10…-15 градуска түшсө, күндүз 0…5 — 2…-7 градустун тегерегинде болот. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн — 18…-23 градус, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version