Site icon Reporter.kg

Дем алыш күндөрү Жерди магниттик бороон каптайт

28-29-сентябрь күндөрү  Жердин үстүңкү катмарын магниттик бороон каптайт. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер Академиясынын физика институтуна таянып, “Российская газета” басылмасы жазды.

Аталган илимий жайдын кызматкерлеринин айтымында,  бороон ишемби күнү таң эрте башталып. дүйшөмбү күнү аяктайт. Адистер магнит бороондун кесепетинен эч кандай кыйроолор болбойт деп болжолдоп жатышат.

Белгилей кетсек, Жердин магниттик талаасы ар кандай активдүү кубулуштардан  кыймылга келип титиреген кубулуш магниттик бороон деп аталат.

Exit mobile version