Site icon Reporter.kg

Дем алышта жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы  дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүүдө.

Айрыкча, Бишкек—Кордой  жана Бишкек—Чолпон-Ата унаа жолдоруна  кайгуул күзөттөрүн күчөтүп,  мас абалында унаа башкаркандарга, ылдамдыкты ашырып айдагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелерин бузгандарга карата катуу чараларды көрүүдө.

Ошондой эле, дем алыш күндөрү тоого чыккан жарандардын агымы көп болгондуктан,  эс алуу учурунда ичип алып унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкектин чет жакаларында рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version