Site icon Reporter.kg

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын инклюзивдүү билим алуусу үчүн инновациялык шарттарды түздүк

COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып, Кыргызстанда 2,4 миллион бала үйдө отуруп, билим алуунун дистанциондук формасына өтүүгө аргасыз болушту. Ал эми профилдүү мамлекеттик мекемелерге болсо педагогдорго, окуучуларга жана мектепке чейинки даярдыктагы балдарга жардам берүү, окутуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, билим берүү багытындагы ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселесинин жаңы жолдорун киргизүү милдеттери жүктөлгөн. Бул нерсе айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, материалдык жактан абалы оор жана башка факторлордун айынан заманбап электрондук жабдуулар менен камсыз боло албаган же интернетке жетүү кыйынчылыгын тарткан балдар үчүн актуалдуу.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын билим алууга болгон укуктарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, Европалык биримдигинин колдоосу, MegaCom уюлдук байланыш операторунун өнөктөштүгү менен, аталган балдардын билим алуусун колдоого багытталган “Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүүнү алга жылдыруу” долбоору ишке ашырылды.

«Биздин максат – эч кимди көңүл сыртында калтырбаган билим берүү системасына багыт алат. Биз бардык окуучулар жынысы, этникалык же болбосо ден соолугундагы өзгөчөлүгүнө карабай жалпы билим берүү мекемелерине барып билим алуусу үчүн инклюзивдүү билим берүүгө жардам көрсөткүбүз келет. Бул долбоордо көпчүлүк учурларда социалдык катмарда дискриминацияга кабылган жана бөлүнүп калган, билим алуу талаптарына жооп бербеген шартка туш болгон жана конституциялык укуктары эске алынбай калган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга өзгөчө көңүл бурулат», — деп белгилейт Кыргыз Республикасындагы Европалык биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Шарлотт Адриан.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын ар кайсы облустарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар аралыктан билим алуу үчүн зарыл болгон гаджеттерге ээ болушту. Долбоордун демилгечилеринин пикири боюнча, электрондук сабактар жана билим берүүнүн инклюзивдүү формасына өтүү мектепке барбаган балдарды билим алууга толук кандуу тартууга жардамын тийгизет. Балдарды Мнтернет менен камсыздоону MegaCom компаниясы өз милдетине алды, ошондой эле окуучулар MEGA24 тиркемесиндеги билим берүү багытындагы контенттер менен колдоно алышат.

“Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүүнү алга жылдыруу” долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын аралыктан билим алуусуна багытталган”, — деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын стратегиялык өнүктүрүү жана маркетинг департаментинин жетекчиси Эмирлан Шайбеков. – MegaCom социалдык жоопкерчиликтүү компания катары долбордун координатору болмокчу. Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга MEGA24 тиркемесин колдонууга шарт түзүп, андагы видеосабактардын жана башка көмөк берүүчү контенттердин жеткиликтүүлүгүн камсыздап, долбоордун техникалык бөлүгүнө жооп берет. Тиркеменин кызматынан абоненттик төлөмсүз эле колдонууга болот».

Белгилей кетсек, мектепке барбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын көпчүлүгү мектептин окутуу материалдарын кабыл ала албаган жана сүйлөө жөндөмүндө көйгөйү бар ар түрдүү өзгөчөлүктөгү балдар. Электрондук сабактар окуучулардын билим алуусунун эффективдүүлүгүн жогорулаткан контентти бир нече жолу кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, маанилүү артыкчылыкка ээ.

«Салттуу мектеп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт. Ушуга байланыштуу Евробиримдиктин демилгеси, «Газпром Кыргызстан» мектеби жана «Креатив-Таалим» билим берүү борборунун өнөктөштүгү менен билим берүү процессин индивидуалдаштырууга мүмкүнчүлүк берген мультимедиялык сабактарды иштеп чыгуу идеясы келди, — деп түшүндүрдү Педагогдорду кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу республикалык институтунун директору Назира Дюшеева. — Салттуу мектеп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт. Бул билим берүү мекемесинин аймагынын инфраструктурасы жана мектеп имараттары менен, ошондой эле окутуу программасынын майып балдардын кабыл алуусуна туура келбеген окутуу темпи, окутуу программасынын талаптарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ылайыкташтырылбаганы менен байланыштуу».

Долбоордун демилгечилери жана өнөктөштөрү аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу ар кандай деңгээлден алып караганда актуалдуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн билим алуу жеткиликтүү, ошондой эле эффективдүү болоруна ишенишет. Муну менен катар онлайн мектептер мындай балдардын талаптарына туура келип, билим алууну кадимки жашоосу менен катар үй шартында жүргүзүүгө, ден соолугуна байланыштуу дарыланууларын улантууга максималдуу ыңгайлуу шарт түзө алат.

Exit mobile version