Site icon Reporter.kg

«Ден соолугуңуз жакшыбы?». Президенттин кеңешчисин «себепсиз» токтоткон МАИчинин видеосу

Кайгуул милициянын кызматкери президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун унаасын «себепсиз токтотуп», ден соолугун сурап, кайра кое берип койгон.

Окуянын видеосун Ибрагимов соцтармактагы баракчасына чыгарды. Болот Ибрагимов белгилегендей, кайгуул кызматкери аны эч себепсиз токтотуп, 14 секундга созулган «маектен» кийин кое берген.

Видеодон көрүнгөндөй, кайгуул кызматкери Ибрагимовду таанып, «Салам алейкум, Болот мырза. Кандайсыз, жакшысызбы? Ден соолуктарыңыз, иштериңиз жакшыбы? Айдай бериңиз» деп кое берген.

Эскерте кетсек, Болот Ибрагимов укук коргоо органдары, айрыкча МАИ кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзам бузууларды видеого тартып, коомчулукка ачыктап келген активист катары таанылган. 2023-жылы март айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

Болот Ибрагимов

Exit mobile version