Денесине оор залал келтирген. Чүйдө адам өлүмүнө себепчи болгон жаран кармалды

Денесине оор залал келтирген. Чүйдө адам өлүмүнө себепчи болгон жаран кармалды

Чүй облусунда  адамдын денесине атайлап оор залал келтирип, анын өлүмүнө себепчи болууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-август күнү Сокулуктун Калтар айылында азият түспөлүндөгү адамдын киши колдуу болуп өлгөндүгү тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Оперативдүү топ окуя болгон жерге барып, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери бар 45-50 жаштардагы адамдын сөөгүн табышкан.

Ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Москва районунун 52 жаштагы тургуну кармалган.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө, маркум экөө Бишкектин көчөлөрүндөгү эмгек биржасынан Калтар айылына үйдүн коргонун тургузуу үчүн келишкенин айткан. Андан соң алар дүкөнгө барып спирт ичимдигин ичишкен да жаңжалдашып кетишкен. Алардын жаңжалы мушташка айланып, шектүү шеригинин денесине оор жаракат келтирген. Ал алган жаратынан улам каза болгон.

Учурда бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине “адамдын денесине атайы оор жаракат келтирүү” беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргузүлүүдө. Кармалган адам тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>