Site icon Reporter.kg

Суучул Денис Петрашов АКШдагы студенттик лигада коло байге утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы  АСС Сhampionship студенттер лигасында коло медалга ээ болду.

Atlantic Coast Conference — бул NCAA I дивизионунун бир бөлүгү болгон Кошмо Штаттардагы колледж лигасы. Учурда конференцияда спорттун 25 түрү боюнча күч сынашкан 15 университеттин командасы бар.

Сууда сүзүү боюнча мелдештин кийинки этабы 27-мартта Индианаполис шаарында (Индиана) башталды.

Луисвилл университетинин атынан чыккан Петрашов 100 метр аралыкка сүзүүдө 50,91 секунд көрсөткүч менен 3-орунду ээледи. Былтыр бул аралыкта кыргызстандык суучул 3-орунду алган.

Февраль айында Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version