Site icon Reporter.kg

Денис Петрашов АКШдагы турнирде үчүнчү алтын медаль утуп алды

SACRAMENTO, CALIFORNIA - APRIL 04: Denis Petrashov of Kyrgyzstan competes in a heat of the Men's 200 Meter Breaststroke during Day 3 of the TYR Pro Swim Series at North Natomas Aquatic Center on April 04, 2025 in Sacramento, California. (Photo by Ezra Shaw/Getty Images)

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык турнирде үчүнчү алтын медалын жеңип алды.

TYR Pro Swim сериясынын кийинки этабы 30-апрелден 3-майга чейин Форт-Лодердейлде (Флорида, АКШ) өттү.

3-майда Денис Петрашовдун катышуусунда 200 метрге брасс стилинде финалдык сүзүү болду. Кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 10,29 секунд көрсөткүч менен биринчи болуп, алтын медаль тагынды.

Бул алтын медаль Петрашовдун бул турнирдеги үчүнчүсү болду. Ал буга чейин 50 жана 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө жеңишке жеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version