Site icon Reporter.kg

Денис Петрашов Америкада өткөн эл аралык мелдеште алтын утту

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

TYR Pro Swim мелдеши 2-5-апрелде Сакраментодо (Калифорния) өтүп жатат.

Финалдык сүзүү 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен өтүп, аны 1 мүнөт 0,42 секунд жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчу жеңип алды.

Экинчи орунду Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону америкалык Майкл Эндрю ээледи (+0,12 секунд).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version