Site icon Reporter.kg

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Орусиянын чемпионатына катышат

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Орусиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууда сүзүү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында өтө турган Орусиянын ачык чемпионатына катышат.
Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Exit mobile version