Депутат: Өзбекстандан жүк ташыган айдоочуларга чек арада кошумча 30 долларлык төлөм киргизилди

Депутат: Өзбекстандан жүк ташыган айдоочуларга чек арада кошумча 30 долларлык төлөм киргизилди

Өзбекстан кыргызстандык жүк ташыган айдоочуларга кошумча 30 долларлык төлөм киргизди. Бул тууралуу парламенттин 25-марттагы жыйынында депутат Сайдолимжон Джураев айтты.

Анын айтымында, Баткен облуснда оор жүктөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар эл өкүлүнө кайрылышкан.

“Алардын көпчүлүгү Өзбекстандан жүк ташып иштегендер. Мурда чек арадан өтүү үчүн 1600 сом төлөп, эч кандай көйгөй жок өтүп келген. Бул жылдын 14-марттынан тарта Өзбек тарап биздин айдоочуларга кошумча 30 долларлык төлөм киргизди. Ошол эле учурда өзбекстандык жүк ташуучулар биздин өлкөгө да жана өзүлөрүнө да эч нерсе төлөбөйт. Эмне үчүн биздин айдоочуларга кошумча төлөмдөрдү киргизгенин тактоо жана кошумча төлөмдөрдү алдыруу үчүн тийиштүү комитеттерге көрсөтмө берүүңүздөрдү суранам. Азыр күйүүчү майлар да кымбаттады, дагы кымбаттайт. Азык-Түлүк дагы кымбаттаган учурда алар кыйналып тиричилик кылып жатышат”, — деди Джураев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>