Site icon Reporter.kg

Депутат Абиров катышкан мушташ: Эки киши бир айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмышка шектүү катары эки киши эки айга камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан А.Д. жана П.Э. бир айга, башкача айтканда 2023-жылдын 13-апрелине чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган П.Э. 1987-жылы туулган А.Д. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Депутат Абиров катышкан мушташ боюнча эки киши кармалды

Exit mobile version