Site icon Reporter.kg

Депутат Абиров катышкан мушташтын видеосу: Милиция эмне дейт?

Октябрь райондук милициясы Бишкек шаарындагы кафелердин биринде 12-мартта эки жарандын ур-тепкиге алынышы тууралуу үн катты.

Маалыматка караганда, милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган.

Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милициядан белгилешкендей, учурда окуянын катышуучулары такталып, иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Окуя боюнча комментарий алуу үчүн депутат Абиров менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version