Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев курулуштардын көркү жок экенин айтып, бул боюнча атайын жобо иштелип чыгышы керектигин айтты.
Анын айтымында, учурда өлкөдө аэропорттор оңдолуп жатат.
“Аэропорттор бул кыргыз элинин көркү. Өткөндө Тазабек Икрамов туура айтты, керек болсо туристтерди улуттук кийим, улуттук музыка, оюндар менен тосуп алуу керек. Учурда “Тамчы”, “Каракол” аэропорттору оңдолуп жатат. Бирок бул жерде кандай долбоорлор тандалып жатат, альтернатива барбы деген суроолор туулат. Долбоорлор боюнча сынак өткөрүү керек деген ойдомун”, — деди депутат Малиев.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз