Site icon Reporter.kg

Депутат Айдарбеков аны сындаган Эдил Байсаловго жооп берди — видео

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан кетерин билдирди.

Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча комитеттин чечимине кол койбогону үчүн төрагалыктан кетиши керектиги айтылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ал комитеттин төрагалыгынан кетүүнү чечкен жана ал милдеттин тапшырууга даяр.

Ошондой эле кызматын тапшырышы керектигин айткан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коомго кайрылып, аны далилсиз айыптаганын билдирди.

«Адилетсиз жамандады. Намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт. Калп сөз кара тумандай, чын сөз чыккан чынардай бүт баары ачыкка чыгат. Аткаруу бийлигинин өкүлү — дайындалган киши шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот?. Биз кандай мамлекетте жашайбыз?. Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат. Бул мамлекеттик кызматкердин сабатсыздыгы. Ар бир бийлик бутагы өз милдеттерин аткарышы керек. Жер жүзүндө парламент эң манилүү демократиялык институт. Бийликке сөзсүз баланс болуш керек», — деди ал.

Аны менен бирге ал 18-октябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушканын билдирди.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич кечээ (18-октябрь – ред.) сиз менен жолушугуп, пикир алмаштык. Диалогго дайым даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болсо да бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар, эртең саткындар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок ал чечимге комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен анын орун басарлары кол койгон эмес. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов Айдарбековду сындап, төрагалыктан кетиши керектигин айтып чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version