Site icon Reporter.kg

Депутат: Айыл жеринде жарык эртең менен, кечинде 3 сааттан өчүрүлүп жатыптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов айыл жергесинде электр энергиясы өчүрүлүп жатканын айтып чыкты.

Ал Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы жыйынында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Биздин энергетика министри «кышка даярбыз» деп айткан. «Айыл жергесинде эртең менен 3 саат, кечинде 3 саат жарык өчүрүлүп жатат» деп жарандар кайрылууда. Эмне себептен өчүп жатат?», — деп суроо салды депутат.

Exit mobile version