Site icon Reporter.kg

Депутат: “Акчамат” менен “Сомодон” улам көптөр өз жанын кыйды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында «Сомо» менен «Акчаматтын» ишмердүүлүгү боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, «Акчаматтын» жана «Сомонун» айынан көптөр өмүрү менен кош айтышкан.

«Сомо» резонанс болгондон кийин 2 айга жабылды. Кийинчерээк Ош базарынын жигиттери иштеп жатканын билем. «Акчаматтан» алгандар 600-700%ке чейин көтөрүлөт. Глобуска барып эмнеге кезек пайда болуп жатат деп таң каласың, бирок «Акчаматтын» айынан чыгат экен. Ушундан улам канчалаган адамдар өз жанын кыйды. Бул жерде фигуралар бар, Улуттук банк активдүү эмес. Бюджетке бир тыйын да төлөшпөйт. Ошондон кийин бандиттер «Акчаматтан» карыз алгандарды чакырышат, аларды юридикалык бөлүм катары көрсөтүшөт. Бул коркунучтуу нерсе. Жакшылап текшерсеңер ал жерде бандиттер иштешет», — деди ал.

Exit mobile version