Депутат Акылбек Жапаровдун иниси ЖАМКнын төрагасына орун басар болду

Депутат Акылбек Жапаровдун иниси ЖАМКнын төрагасына орун басар болду

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаров Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Рахатбек Жапаров буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансылык-экономикалык башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Ал 1971-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтун, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолун Жол коопсуздугу кызматынын инспектору болуп баштаган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде бир катар кызматтарды аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>