Депутат Алимбеков Баткенде жабыркандарга 3 млн сом бөлдү

Депутат Алимбеков Баткенде жабыркандарга 3 млн сом бөлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Баткен облусуна 3 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөттү.

Анын айтымында, бул каражаттын 2 миллиону аз камсыз болгон жана чыр-чатактан жабыркаган үй — бүлөлөргө, 1 миллион сому Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине которулат.

Нурбек Алимбеков азыр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр –чатак зонасында жашаган калк чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандарын белгиледи.

«Аларга жардам жана колдоо керек”,- деди депутат.

Эл өкүлү кыргызстандыктарды Баткен облусунун тургундарына колдон келген жардамдарын көрсөтүүгө чакырды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Баткен аймагында абал тынч.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>