Site icon Reporter.kg

Аскерде бир ай кызмат өтөгөндөрдөн 500 миң сом алуу сунушталды

Бүгүн, 21-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Русланбек Жакышов аскерге 1 айга барып кызмат өтөгөндөрдөн 500 миң сом алууну сунуштады.

Ал сөзүнүн башында Тажикстандын кол салуусунун мизин кайтарып, жерин коргоп каза тапкан жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, баатырларча курман болгон жоокерлерге таазим этерин билдирди.

«Кыргызстандын аскерлери Баткендеги эки коогалаңда күч-кубатын көрсөттү. Жети дубаныбызда 70тен ашык улут жашайт. Биздин баарыбыздын мекенибиз, жерибиз бир. Ошондуктан ар бир 18 жашка толгон биздин эр-азаматтарыбыздын бардыгын аскерге барууга милдеттендирүү керек. Экинчиден, 1 айлык аскердик кызмат өтөө 50 миң сом экен. Аны 10 эсеге, 500 миң сомго чейин көтөрүү зарыл. Андан түшкөн акчаны Кыргызстадын аскерлерин күчтөөгө, кызмат өтөп жаткан жоокерлерибизге жумшамакпыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бир айлык аскердик кызматы өтөөгө 50 миң сом төлөнөт.  Бир ай кызмат өтөгөн жарандар I категориядагы аскер билетин алып, укук коргоо, күч түзүмдөрү тармагында иштөөгө укуктуу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version