Site icon Reporter.kg

Депутат Атазов сурактан кийинки Фейсбуктагы постун өчүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратурадан  сурактан чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан постун өчүрдү.

Анда суракта эмнелерди сурагандарын жазган. Ошондой эле Башкы прокуратурага кайрылып агаларына чыгып, Атазов сүйлөбөй олтурсун деп коркутуп жатканын шардана кылган эле.

Депутат Атазов 3 сааттан соң сурактан чыкты. Эмнелерди сураган?

Ал бүгүн, 30- ноябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынынан укук коргоо органдары, прокуратура, милиция тармактык маркетингдер менен алектенгендерге “крыша” болуп жатканын жар салып, прокуратураны сынга алган болчу.  Андан соң Башкы прокуратура депутат Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевди суракка чакырган эле.

Прокуратураны сынга алган эки депутат суракка чакырылды

Депутат: Прокуратура, милиция каржы пирамидаларга “крыша” болууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version