Site icon Reporter.kg

Депутат автобустар үчүн бөлүнгөн 100 млн доллардын дайынын сурады

“Бишкекке автобустарды сатып алууга бөлүнгөн 100 миллион доллар кайда? – деп суроо салды депутат Марлен Маматалиев («Ынтымак») Жогорку Кеңештин 12-октябрындагы жыйынында.

Анын айтымында, буга чейин бул каражат Бишкек шаардык мэриясы тарабынан электр менен жүрүүчү автобустарды жана троллейбустарды сатып алууга бөлүнгөн.

«Акча тарифтер көтөрүлбөсүн деп бөлүнгөн. Эми көтөрөлү деп жатышат, алар себебин айлыктардын көтөрүлүшү менен түшүндүрүп жатышат. Бул туура эмес. Акча кайда, автобустар кайда? Комитеттерде маселени карап көрөлү. Болгону эл кыйналып жатат», — деди Маматалиев.

Кечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version