Депутат азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады

Депутат азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында  депутат Дастан Бекешев азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча кийинки аптада өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.

«Азык-түлүктөрдүн баасы кескин кымбаттады. Бул маселени тийиштүү комитеттин жыйынында дагы көтөрдүм. Кийинки аптада бул маселени кароо керек. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат угалы», — деди ал.

Ошондой эле ал учурда паспорттук кризис болуп жатканын айтты.

«Бул маселени Жогорку Кеңеште биз дагы карашыбыз керек. Өкмөт эмне жумуш кылып жатат? Чет өлкөдөгү биздин жарандар паспорт ала албай жатат», — деди Бекешев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>