Депутат Баатырбеков: Туризмди өнүктүрүү үчүн алгач жол, көпүрөлөрдүн абалын оңдоо керек

Депутат Баатырбеков: Туризмди өнүктүрүү үчүн алгач жол, көпүрөлөрдүн абалын оңдоо керек

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында бир катар депутаттар өлкө аймагындагы айыл аралык жолдордун абалын көтөрүштү.

Депутат Алмазбек Баатырбеков Ак-Талаа райунунун борбору Баетов айылынан Кош-Дөбө айылына чейинки 95 км жолдун абалына токтолду. Анын айтымында, бул жол 1980-жылдары курулган, бирок асфальт басылган эмес. Жергиликтүү тургундар жок дегенде шагыл төгүп, таптап турбаса бүгүнкү күндө жол кадимки эле шиферге айланып калгандыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгышууда. Ошондой эле мындай шиферге айланып калган жол Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүндө дагы бар.

«Туризмди өнүктүрөлү дейбиз, бирок Эки-Нарын сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге барчу жол, көпүрөлөрдүн абалы оор бойдон турат. Эки-Нарынга баруучу жолдогу Нарын дарыясынан өтүүчү жыгачтан салынган көпүрөнүн тешиктеринен дарыя агымы көрүнүп, өтө коркунучтуу абалда»,- дейт депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>