Site icon Reporter.kg

Депутат Бакиров: “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө жайы жабылат

2020-жылдын башынан тарта “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө жайын оңдоо жумуштары баштала тургандыктан, анын иши убактылуу токтотулат. Ошондуктан, Өкмөт коңшу өлкө аймагына адамдар менен автомашиналарды өткөрүүнүн альтернативдүү жолун аныктап, ага карата даярдык көрүшү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров парламент жыйынында билдирди.

Вице-спикер кыргыз парламентинин депутаттар тобу 19-декабрь күнү казак парламентинин депутаттар тобу менен Казакстандын Кордай өткөрмө пунктунда жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

«Иш-чаранын жүрүшүндө “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө постун реконструкциялоо керектиги айтылып, казак тараптын келерки жылдын январь айынан баштап ал жердеги эки тараптуу каттоолорго убактылуу чек коюла турганы айтылды.

Албетте пункту жабуу эки тарапка тең ыңгайсыз болот. Ошондон улам, каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет. Ал эми “Ак-Тилек” – “Кара-Суу” өткөрмө пунктунан жалаң жүк ташыган унаалар каттагандыктан, анын көпүрөсүндө көйгөй бар. Бул пункт 1975-жылы курулган, муну эстен чыгарууга болбойт» , — деди ал.

Белгилей кетсек, “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө жайы аркылуу жылына 5 млн адам, 1 млн автомашина өтөт.

Exit mobile version