Депутат Бакиров: Сот тутумун жакшыртууга ири каражаттар бөлүнөт, бирок элдин судьяларга болгон ишеними анча эмес

Депутат Бакиров: Сот тутумун жакшыртууга ири каражаттар бөлүнөт, бирок элдин судьяларга болгон ишеними анча эмес

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сот тутумун өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулду.

Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков 2014-2017-жылдары программаны аткаруу багытында 4 млрд 351 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнүп, каржылоо 98,2 пайызга аткарылганын билдирди. Ошондой эле ал 2019-2022-жылдары бул багытта 10 млрд 854 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн белгиледи.

«Азыр биздин алдыбызда сот тутумунун бюджетин 1, 5 пайыздан 2 пайызга чейин жеткирүү милдети турат. Ал эми судьяларын эмгек акылары Өкмөттүн токтому менен көрсөткүчтөрүнө жараша баскыч-баскыч боюнча көбөйтүлүп турат», — деп кошумчалады каржы министри.

Депутат Мирлан Бакиров сот органдарында 500 судья иштеп жатканын, сот тутумун өнүктүрүү программалары кабыл алынып, сот реформалары жүргүзүлүп, бюджеттен ири каражаттар бөлүнүп жатканына карабастан, калктын сот органдары менен судьяларга карата ишеними анча эмес экенин айтты.

«Акыры, ар аракеттин кандайдыр бир оң натыйжасы болушу керек да. Тилекке каршы, сот тутумунда азырынча андай алгылыктуу жылыштар жок», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>