Site icon Reporter.kg

Депутат Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү мончодон чыккан видеосу

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев кичи мекемени — Ысык-Көлдө эс алууда.

Социалдык тармактын колдонуучусу депутат «Costa Brava» пансионатында эс алуу учурунда пляждагы пирсте орун алган буу бөлмөдөн (парилка) чыгып, көлгө секиргени жаткан видеосун жарыялады.

Окурмандар Ысык-Көлдүн жээгинде сауна жана буу бөлмөлөрдүн иштешине тыюу салынганын айтышып, ага качан уруксат берилгенине кызыгышты.

Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пирстерде буу бөлмө жана сауналарды орнотууга тыюу салынганын билдирген болчу.

 

 

Exit mobile version