Site icon Reporter.kg

Депутат Баткенде снаряд жарылып, эне-кыз жабыркаган окуяны иликтөө керектигин айтты

Депутат Чыңгыз Ажибеков парламенттин 15-январдагы жыйынында Баткендин Арка-2 айылындагы үйдүн короосунан табылган снаряддын жарылышынан улам эне менен кызы жараат алган окуяны кылдат иликтеп чыгуу керектигин билдирди.

Ажибеков жарылуудан апасы менен кызы оор жаракат алганын, учурда абалы жакшы экенин айтты.

«Бул снаряддын кайдан келгенин карап чыгыш керек. Мекемелер аралык тергөө тобун түзүү зарыл. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров ошол үйдөн чай ичип кеткен. Саперлер каякты караган?! Эмне себептен мындай болду? Бул снаряд каяктан келди, бирөө таштап кеттиби? Ушул маселени кылдаттык менен карап чыгыш керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 5-январда Арка-2 айылында 32 жаштагы келин (А.Н.) жана 11 жаштагы кызы короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты (снаряд) таап алган. Аны алып бетонго таштаганда, ал жарылып кеткен. Натыйжада снаряддын сыныктары келиндин бетине жана кызынын бутуна тийип, алар жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк эне менен кыз Оштогу ооруканага которулган.

Жабыркаган келиндин күйөөсүнүн айтымында, табылган снаряд 2022-жылы сентябрда Тажикстандын кол салуусунан кийин калган болушу ыктымал.

Алардын үйү 2022-жылдагы куралдуу кагылышта аткылоодон улам күйүп кеткен.

Exit mobile version