Site icon Reporter.kg

Депутат: Баткенде үйү талкалангандар боз үй, чатырда жашап жатат

Баткенде үйү талкаланган жарандар боз үй, чатырда жашап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Баткенге барып келгенин, тамы курулуп, үйүнө кирген тургундар жок экенин айтты.

«Көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалы куюлган бойдон токтоп турат. Өздөрү анын жанына чатыр же боз үй тигип жатышат. Эң көп үй талкаланган Арка-1 айылына болгону үй контейнер барыптыр. Дубалы турган да үйлөр бар. Аны да курулушур компаниялары өз каражатына куруп жатыптыр. Өкмөтттөн акча жок дейт. Бөлүнүп жаткан акчалар каякта? Кыш, суук. Лейлек да, Баткенде да. Бир тыйын акча ала электер бар экен. Өкмөт ушуну караш керек», — деди ал.

Андан кийин сөз сүйлөгөн депутат Камила Талиева Акаевдин сөзүн колдоп, Баткенде үйлөрдүн курулушу өтө жай жүрүп жатканын билдирди.

«Өкмөттүк саатта карала турган башкы маселе Баткен окуясы болушу керек. Арка айылында эң көп үй талкаланган, күйгөн, тонолгон. Арка, Борбордук, Максат айылдарында курулуш иштери өтө жай жүрүп жатат. Мына кыш келди. Биздин канчалаган жарандарыбыз, Бишкек, Сокулукта  ар кимдин үйүндө жашап жатат», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version