Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев чек арадагы чыр-чатакта жабыкагандарга 1 миллион сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кыргызстан оор убакыттарды башынан өткөрүүдө. Азыр бири-бирибизге колдоо көрсөтүү керек болуп турат. Айрыкча чек арадагы чыр-чатакта жабыркаган Баткен облусунун карапайым калкына”, — деген Самаев.