Site icon Reporter.kg

Депутат Бажы кызматы майыптар үчүн товарлардан да салык жыйнап жатканын айтты (видео)

Майыптар үчүн ташылып келген атайын товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулганы менен Бажы кызматы алардан салык чогултууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Ал билдиргендей, Салык кодексине ылайык майыптар үчүн атайын товарлар кошумча нарк салыгынын бошотулган. Бирок ал тууралуу өкмөттүн токтомунда көрсөтүлбөй калган. Токтомдо ката жазылганы белгилүү болгонуна карабай, аны оңдоонун ордуна Бажы кызматы майыптар үчүн товарлардан кошумча нарк салыгын чогулта баштаган.

«Мурда майыптар үчүн араба, угуу үчүн аппарат, көзү азиз адамдар үчүн алып келинип жаткан атайын товарлардан кошумча нарк салыгы алынчу эмес. Эми, азыр андан да 12% кошумча нарк салыгын алып жатышат. Негизи Салык кодексинде майып адамдар үчүн атайын товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулган. Бирок өкмөттүн токтому ката жазылып калган. 1,5 жыл мурда бул тууралуу айткам. Аны «оңдойбуз» дешкен. Бирок дагы деле оңдошо элек. Азыр гана оңдоп жатышат, Бирок кошумча нарк салыгы эсептеле баштады. Бажы кызматына «көп акча чогултасыңар» деген план берип койгонбу, билбейм», — деди ал.

Exit mobile version