Site icon Reporter.kg

Депутат Бекешев өкмөт башчыдан Асрандиевди 10 эсе аз айлык кызматка кантип көндүргөнүн сурады

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралууда.

Жыйында суроо-жооп учурунда депутат Дастан Бекешев өкмөт башчыга 4 вице-премьер-министр көп эмеспи? деген суроо узатты.

Мухаммедкалый Абылгазиев «иш көп, ашыкча эмес» деп жооп берди.

Эл өкүлдөрү Эркин Асрандиевдин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда айлык маянасы көп экенин айтышып, 10 эсе айлыгы аз кызматка кантип макул болгонун сурашты.

Өкмөт башчы Эркин Асрандиев мамлекетке кызмат кылуу боюнча кызыкдар экенин, мындай учурда айлык маселеси башкы ролду ойнобой турганын билдирди.

Exit mobile version