Депутат Бекешев: Блокпосттордо тургандар акча алуу менен унааларды өткөрүп жатат

Депутат Бекешев: Блокпосттордо тургандар акча алуу менен унааларды өткөрүп жатат

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарында коюлган блокпосттордун эмне кереги бар, алар кандай жол менен текшерип жатканы дагы белгисиз экенин билдирди.

«Шаар ичине коюлган блокпосттор жол тыгынын пайда кылууда. Ошондой эле блокпосттордо тургандар кандай термометр колдонуп жатканы дагы түшүнүксүз. Дене тапты ар кандай көрсөтөт экен. Кээ бир посттордогулар унааларды акча алып өткөрүшүүдө. Мунун эмне кереги бар? Анткени шаар ичине коомдук транспорттор коё берилди. Блокпосттордо тургандар эч кандай кызмат көрсөтпөй эле турат. Ачык эле айтуу керек. Аймактардан келгендер менен шаардан чыгып жаткандар аралашып жүрүшөт. Казакстан блокпосттор боюнча тартип кабыл алды. Биз дагы ошентели, анткени бирөөнөн көчүрүп алганды жакшы билет эмеспизби…», — деди эл өкүлү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>