Депутат Бекешев: Парламенттик шайлоону жылдыруу керек же үгүт иштерин башкача форматта өткөрүү зарыл

Депутат Бекешев: Парламенттик шайлоону жылдыруу керек же үгүт иштерин башкача форматта өткөрүү зарыл

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште «Ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну же үгүт иштерин башкача форматта өткөрүүнү сунуштады.

Депутат парламенттик шайлоого аз гана убакыт калганын айтты.

«VI чакырылыштын депутаттарынын 7 эле отуруму калды. 26-июндан 6-июлга чейин парламенттик шайлоо кампаниясынын башталышы жөнүндө  президенттин жарлыгы чыгышы керек. Эпидемия учурунда шайлоого карата үгүт иштеринде концерт, массалык иш чараларды уюштурууда бир топ коркунучтар бар. Эгерде үгүт иштеринде саясий партиянын бир мүчөсү илдетти жугузуп алса, ал партиянын ишмердүүлүгүнө тоскоол болушу мүмкүн дагы, алар «бийлик кысым кылып жатат» деген саясий оюндар болуп кетиши ыктымал. Күзүндө илдеттин экинчи толкуну баштала турганын айтышууда.

Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек же үгүт иштерин башка форматка өткөрүү зарыл. Шайлоону жылдырсак, депутаттар узурпация кылып жатат деп айтат. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт саясий партиялар биргеликте кандай формат менен шайлоого бара турганыбыз боюнча кеңешишибиз керек», — деди Бекешев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>