Site icon Reporter.kg

Депутат Бишкек мэрине ишенбөөчүлүк жарыялады. Мэрдин жообу — видео

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн жарыялады.

Жыйында Бишкектеги ыш маселеси каралып жаткан. Суроо узатып жатып, Элмурза Сатыбалдиев мэрден кызматтан кетүү тууралуу ою бар бекенин сурап, өз калоосу менен кетүүгө эрки жетеби деп собол салды.

Абдыкадыров мэр болуп иштеп жатканына 9 ай болгонун, буга чейин мэрлер бат-бат алмашканын, жыйынтык болушу үчүн 3-5 жыл иштеш керектигин айтты. Сөзүн улай убагында Элмурза Сатыбалдиев да жогорку кызматта иштегенин жана кызматтан кетүүгө эрки жетпегенин билдирди. Ошондой эле, Абдыкадыров кызматтан алуу маселеси боюнча аны дайындаган президентке кайрылууну сунуштады.

Андан кийин Сатыбалдиев мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн айтып, бул сунушту жыйындын чечимине киргизүүнү сунуштады.

Мэр Абдыкадыров ага жооп кылып, Сатыбалдиевдин мэрияга таарынычы бар экенин айтты.

«Сиздин жеке таарынычыңыз бар. Менин орун басарым (Нурдан Орунтаев — ред.) сиз турган көчөдөгү тосмоңузду (забор) бузуп койду. Биз мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооп беришибиз керек. Сизге окшогон 71 киши тосмолорун бузду. Гранттын эсебинен жол, тротуар салууга тоскоолдук кылдыңыз. Сиз өзүңүздү, депутаттык мандатыңызды сыйлап…», — деп айтып келе жатканда мэрдин микрофону өчүрүлүп, төрага Нурлан Шакиев Абдыкадыровго депутаттар менен кайым айтышпоого чакырды.

Андан кийин мэрге депутат Сатыбалдиев жооп берип, тосмону бузууга каршы болбогонун, мэрия ал окуяны бурмалаганын билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл 29-сентябрда депутат Элмурза Сатыбалдиевге таандык делген Бишкектин Шүкүров көчөсү 166 дарегиндеги үйдүн тосмосу түрттүрүлгөн.

Мэрия депутат Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосун түрттүрдү — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version