Депутат Бишкектеги №47 абактын ордуна парк ачууну сунуштады

Депутат Бишкектеги №47 абактын ордуна парк ачууну сунуштады

Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Жаныбек Абиров Бишкектин Ленин районунун тургундарынын кайрылуусу тууралуу сөз кылып, №47 абак жайынын ордуна көп кабаттуу турак-жайларды куруудан мурун, парк ачуу зарылчылыгын сунуштады.

“Парк жасалса шаарды жашылдандырууга өбөлгө түзүлүп, экология үчүн да чоң салым болмок”, – деди депутат.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунун Ак-Суу жана Кызыл-Жар айылдары таза сууга муктаж экенин жүйө келтирип:

“Тийиштүү мекемелер маселени жергиликтүү бийлик чечерин айтышууда. Бирок, алардын бюджети чектелүү болгондуктан, таза суу киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Андыктан тармакты тейлеген мамлекеттик агенттик өзү жардам бериши керек”, – деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>