Site icon Reporter.kg

Депутат Бишкектеги ыш маселесин чечүүнүн эки жолун сунуштады

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 12-декабрда “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” маселе каралды. Анын соңунда тармактык комитет Бишкектин абасынын булганышы боюнча президентке кайрылды.

Депутат Балбак Түлөбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде түтүн республикадагы эң чоң көйгөй болуп жатканын белгилеп, президент чукул комиссия же комитет түзүшү керектигин айтты.

“Маселени өлкө башчы өзү көзөмөлгө албаса, ыш күндөн күнгө адамдарды акырындап өлтүрө берет, бул чындык”, — деди ал.

Депутат маселени чечүүнүн эки гана негизги жолу бар экенин айтты.

«Азыр тартышып отуруунун кажети жок, шаарды тез арада газдаштыруу керек жана катализатору жок унааларды шаардан чыгарып салсак, ыш 70-90%га чейин жоголот», — дейт эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version