Site icon Reporter.kg

Депутат чет жакка чыгарылып кеткен 720 кыргызстандыктын сөөгүн кайтарууну талап кылды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков 2000-жылдары Кыргызстандан чыгарылып кеткен 720 жарандын сөөгүн өлкөгө кайтарууну талап кылды. Бул тууралуу ал «Элдик» депутаттык тобу жана «Альянс» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2000-жылдары Гюнтер фон Хагенс аттуу германиялык жаран Бишкектеги Медицина академиясында Пластинация борборун ачып, ошол борбор сөөктөрдү чет жакка чыгарып кеткен.

«Ошондо убактылуу деп Кыргызстандын 720 жарандын сөөгүп алып чыгып кеткен. Алардын ичинен 27 сөөк 12 жашка чейинки балдардыкы болгон. Ошондой эле 70 тонна органды чыгарып кеткен. Булардын баарын «кайра кайрып келебиз» деп алып кеткен. Менин угушумча, кыргызстандык жарандардын сөөгү дагы деле музейлерде турат. Эмне үчүн алар кайтарылбай жатат?», — деди ал.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган окуяга аралашкан адамдардын көбү жоопко тартылганын, бирок сөөктөр кайтарылбаганын айтты.

«Бул боюнча укук коргоо органдары иштеген. Ошол кезде бул ишке аралашкандардын көбү мыйзам боюнча жооп берген. Бирок сиз айткан сөөктөр кайра кайтарылган эмес», — деди министр.

Ошондой эле министр учурда Кыргызстанда сөөктөрдү (өлүктөрдү) пластинация жасоо токтотулганын, пластинация болгон даяр сөөктөр чет өлкөдөн алынып келирерин билдирди.

Андан кийин депутат Таштанбеков Юстиция министрлигине, өкмөткө кайралып, эл аралык сотко арыз жазып музейлерде турган жүздөгөн кыргызстандыктардын сөөктөрүн өлкөгө кайтаруу керектигин айтты.

«Кайра Кыргызстанга алып келип, жерге көмүш керек. Алардын арасында Кыргызстандын драмтург, акындарынын сөөгү бар», — деди Таштанбеков.

Exit mobile version