Site icon Reporter.kg

Депутат Айдарбеков тармактык комитеттин төрагалыгынан алынды

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынды.

Парламенттин тиешелүү токтом долбоору эл өкүлдөрүнүн добушуна коюлуп, аны 43 депутат колдоп, 16сы каршы экенин билдирди. Айдарбековду аталган кызматтан алуу маселеси парламенттеги 4 фракциянын чечиминин негизинде каралды.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүнү караштырган кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койбогону үчүн төрагалыктан алынды. Ал комитеттин чечимине кол койбогонунун себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version