Депутат: Дааватты токтотуу мүмкүн эмес

Депутат: Дааватты токтотуу мүмкүн эмес

Жогорку Кеңеште Дин тутуу эркиндиги боюнча жана диний уюмдары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду кароонун астында депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Шайлообек Атазов дааватка чыккандарга тосколдук көрсөтүү туура эмес экенин айтышты.

Зулпкаровдун айтымында, дааватка чыккандарды токтотуу адамдардын колунан келбей турганын билдирди.

“Бизде 90 пайызга жакын адам Ислам динин карманат. Матуридий акыйдасы менен Ханафий мазхабына мамлекет тарабынан ачык колдоо көрсөтсө боло берет. Дааватты жабабыз деген туура эмес, бул жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу деген сөз. Аны жабуу мүмкүн эмес. Бул адамдардын колунан келбей турганын жакшы түшүнүш керек”, — деди Төрөбай Зулпукаров.

Ал эми Шайлообек Атазов террористтер мечитке кирбей деле кооптуулук жаратарын айтты.

“Ичкилик ичип, наркоман, кылмышкер болуп, бирөөнү тоноп жүргөндөр, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууга чыгып келип, ата-энесинин алдына келип ыйлап кечирим сурап жатат. Муну токтотууга аракет кылбаңыздар,  чет өлкөлүк уюм экен, террорист экен деп коркутуп жатканыңар туура эмес. Террорист бир эле мечитке кирген адам эмес, ал мечитке кирбей туруп деле ишин аткара берет”, — деди Шайлообек Атазов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>