Site icon Reporter.kg

Ичимдиктерди Манастын ысымы менен атоого тыюу салган мыйзам колдоо таппай жатканы айтылды

Манастын жана эпостогу каармандардын ысымдарын ичимдик жана тамекилердин аталышында колдонууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун Экономика министрлиги колдобой жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, министрлик мыйзам долбоорунун кийин ишкерлерге (мамлекет жана жарандарга) кандай пайда-зыян алып келе турганы баяндалган талдоонун корутундусун суроодо.

Икрамов белгилегендей, «Манас» эпосу Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы, руханий-маданий байлыгы болуп саналат. Ичимдиктердин аталышында эпостогу оң кармаандардын аттарын колдонуу «Манас» тууралуу мыйзамга каршы келет.

Ал Конституцияда да мамлекет элдин руханий мурастарын коргой турганы жазылганын айтып өттү.

«Экономика министри Данияр Амангелдиевден «Манас» эпосу тууралуу мыйзамдан министрдин эксперттик корутундусу өйдө турабы?!» деп сурагым келет. Мен мыйзам долбоорунда «Манас», «Семетей», «Сейтек» аталышындагы алкоголдук ичимдиктердин курамын өзгөртүүнү эмес, аттарын өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул брендди пайдаланган ишканалар мага демек өздөрүнүн атасынын атын, же болбосо баласынын атын коюп алышсын. Болгону руханий башатыбыз болгон «Манас» эспосундагы оң каармандардын атын алкоголдук ичимдиктер үчүн колдонбосун», — дейт ал.

Депутаттын айтымында, «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген ичимдиктерди чыгарган компанияларлын айынан башка элдер Манасты коньяк катары таанып жатат.

«Учурда «Манас» улуттук театры, «Манас» улуттук академиясы ачылып, окуучулар Манастап ураан чакырып, улуттук идеологияга көңүл бурулуп жатканда, чет жерге экспорттолуп жаткан алкоголдук продукциянын айынан биздин Манасыбыз башка элдерге коньяк катары таанылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Алардан «Манас ким?» деп сураса, коньяк деп билишет. Бул улутту, мамлекетти шылдыңдоо болуп эсептелет», — деди ал.

Сөз аягында Икрамов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, аталган маселени көзөмөлүнө алууну суранды.

Эскерте кетсек, буга чейин Тазабек Икрамов Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын ичимдик жана тамеки продукцияларынын аталыштарында колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мыйзамды бузган жарандарга 100 миң сом жана ишкана-компанияларга 1 млн сом айыппул салуу каралган. Андан тышкары мыйзамга баш ийбеген компанияларды лицензияларынан да ажыратуу сунушталган.

Манастын ысымын тамеки жана ичимдиктин аттарында колдонгондорго 1 млн сом айыппул салуу сунушталды

Exit mobile version