Депутат Исмаилова: Алыскы аймактарда дарыгерлер жетишпейт. Жаш кадрларга көңүл бурулбай жатат

Депутат Исмаилова: Алыскы аймактарда дарыгерлер жетишпейт. Жаш кадрларга көңүл бурулбай жатат

Медициналык окуу жайлары менен базалык ооруканалардын ортосундагы ажырым жаш кадрларды даярдоого кедергесин тийгизет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин « Ар кандай» маселелер саатында депутат Аида Исмаилова билдирди.

«Алыскы аймактарда дарыгерлер жетишпейт. Жаш кадрларга жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, жаштар башка жакка кетүүгө аргасыз. Алтургай, тажрыйбалуу эле дарыгерлер да бошонуп кетүүдө. Ошондон улам медициналык мекемелердин абалы барган сайын начарлоодо.

Акыркы мезгилде медициналык окуу жайлары менен базалык ооруканалардын ортосунда чоң ажырым пайда болуп, жаш кадрларды даярдоо жүрүмүнө кедергесин тийгизип жатат. Мындай жагдай даярдалган кадрлардын кесиптик деңгээлине кесепетин тийгизбей койбойт. Муну эстен чыгарбаш керек», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>