Site icon Reporter.kg

Депутат: Кара-Дөбө айылында окуучулар түрмөдө окуп жатышат

Баткен облусунун Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын окуучулары түрмөдө окуп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламенттин жыйынында билдирди.

“Баткен облусунун Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылында Бабур орто мектеби 100 жылы мурун түрмө салынган экен. Азыр окуучулар ошол түрмөдө окуп жатышат. Элдин саны ушул айылда 10 миңден ашып кетти.  Анысы аз келгенсин бала бакча да жок. Мектеп дагы долбоорго киргени менен азыркыга чейин жылыш жок экен”— деди депутат.

Exit mobile version